ИЛЬИНСКИЙ Игорь Владимирович
ИЛЬИ́НСКИЙ Игорь Владимирович [11 (24). 7. 1901, Москва – 13. 1. 1987, ошол эле жер] – орус актёру, СССР эл артисти (1949), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1974).

Ф. Ф. Комиссаржевскийдин театр студиясынан окуган (1917). 1920-жылдан В. Э. Мейерхольд атындагы театрда, 1938-жылдан Кичи театрда иштеген. РСФСР театрларында жана Мейерхольд атындагы театрда аткарган ролдору: Присыпкин (В. Маяковский, «Кене»), Счастливцев (А. Островский, «Токой»), Расплюев (Сухово-Кобылин, «Кречинскийдин үйлөнүү тою»), Аким (Л. Н. Толстой, «Караңгылыктын бийлиги») жана башкалар. Комик кино актёр катары да белгилүү («Волга-Волга», «Карнавал түнү», «Торжоктук бычмачы» жана башка фильмдер). Ильинский – көркөм окуу өнөрүнүн да устаты болгон. СССР мамлекеттик сыйлыгынын (1941, 1942, 1951), Ленин сыйлыгынын (1980) лауреаты.