ИЛЬИЧ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИЛЬИ́Ч – Чүй обл-нун Кемин р-нундагы кыштак. Ильич айыл округуна караштуу. Ак-Түз суусунун ж-а Бишкек – Ак-Түз автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 1605 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору ж-а т. ж. бекети Кемин шаарчасынан 37 км түн.-чыгыш тарапта. Кыштак 1929-ж. негизделген. Калкы 1043 (2007); негизинен мал ж-а дыйкан чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, клуб, ФАП иштейт.