ИЛЬМЕНИТ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИЛЬМЕНИ́Т (И. 1-табылган жер Ильмень тоосунун атынан), т и т а н д у у т е м и р – татаал кычкылдарга кирүүчү минерал. Хим. формуласы FeTiO3. Тригон сингониясында кристаллданат. Өңү кара, күңүрт. Катуулугу Моос шкаласы б-ча 5–6. С. салм. 4,7. Габбро, диабаз, пироксенит, кимберлит тоо тектеринде, сиенит пегматиттеринде ж-а чачынды кендерде (росыпь) кезигет. И. – металлургия, химия ж. б. ө. жларда кеңири колдонулуучу титан металлы алына турган баалуу кенташ.