ИЛЬЯСОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЛЬЯСОВ Сатар (28.8.1908, Ысык-Көл р-ну, Тору-Айгыр айылы – 31. 3. 1987, Бишкек) – тарыхчы, этнограф, тарых илимд. доктору (1967), проф. (1968), Кыргыз ССР ИАнын акаде­миги (1969; корр. мүчө, 1960). Кыргыз ССРинин илим ж-а техника жаатын­дагы мамл. сыйл. лауреаты (1970). Кыргыз ССРинин илимге эмг. сиң. ишмери (1975). 1938-ж. Кыргыз мамл. пед. ин-тун бүткөн. 1939– 44-ж. Ысык-Көл р-ндук элге билим берүү бөлүмүнүн инс­пектору, Кыргыз мамл. пед. ин-тунда мугалим, кафедра башчысы, декан, 1944–65-ж.

Кыргыз ССР ИАнын

Тарых ин-тунда кенже ил. кызматкер, сектор башчысы, директор, ил. кеңешчи, 1966–77-ж. Кырг-н КП БКнын парт. тарыхы ин-тунда ди­ректор болуп иштеген. Кырг-ндагы агр. масе­леге, Ысык-Көл кыргыздарынын этнографиясын изилдөөгө арналган 100дөн ашык ил. эмгектин автору. 3 «Ардак Белгиси», Эл достугу орденде­ри м-н сыйланган.