ИМАЗОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИМАЗОВ Мухаме (1. 5. 1941-ж. т., Чүй обл., Москва р-ну, Александровка айылы) – тилчи, филология илимд. доктору (1994), проф. (1999), КР УИАнын корр. мүчөсү (2000). КМУнун фи­лология ф-тин бүтүргөн (1964). Орус тили ж-а ад-ты мугалими (1964–68), КР УИАнын Дунган таануу ил. борборунда жетектөөчү ил. кыз­маткер, башкы ил. кызматкер, бөлүм башчысы (1970–99) болгон. 2000-жыл­дан ошол эле жерде Дунган таануу ж-а китаистика бор­борунда бөлүм башчы болуп эмгектенет. 80ден ашуун ил. эмгектери негизинен дун­ган тил илимине арналган. Бир нече медаль м-н сый­ланган.


Эмг.: Фонетика дунганского языка. Ф., 1975; Дунганский язык. Ф., 1979; Дунганская советская литература. Ф., 1982; Очерки по синтаксису дунганского языка. Ф., 1987; Грамматика дунганского языка. Б., 1993.