ИМАЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИМА́Й (лат. Imaus) – тарыхый топоним. Б. з. ч. 4–3-к-дан о. кылымдын аягына чейин­ки Батыш Европа илиминде кабыл алынган эбе­гейсиз зор тоо тутуму. Ал б-ча И. 35° түн. кең­дик б-ча бүт Азия материгин экиге бөлүп тур­ган. 145° узундуктан (Индиянын тушунан) И-дан туура төтө түн. уюлду көздөй дагы бир залкар кырка тоо созулган. Бул меридиандык И., О. Азиянын аймагын жарып өтүп, бир нече тармакка бөлүнгөн. Андан тараган Комед тоо­лору Памирге, Аскатанк тоосу Фергана ж-а Кара- Тоо тизмектерине, Авзакия (Ауксакия) Теңир- Тоого туура келет деп эсептелген. Меридиандык И-дын эки тарабын скиф уруулары, түш.-баты­шын сактар мекендеген. «Улуу кардуу тоо кыр­касы» ж-дөгү түшүнүк атайын саякат, изил­дөөлөрдөн эмес, көбүнчө сурамжылоо, болжол­доо жолу м-н пайда болгон. 17–18-к., өзгөчө 19- к-дын башында бул көз караштын негизсиз эке­ни ачык көрүнүп, аны о. эле жаңы жасалма ги­потеза (А. Гумбольдттун Болор схемасы) м-н ал­маштыруу аракети да оң натыйжа берген эмес.