ИМАНАКУНОВ
ИМАНАКУНОВ Бейшен (16. 3. 1930-ж. т., Ысык-Көл обл., Ак-Суу р-ну, Сары-Камыш айылы) – химик, химия илимд. доктору (1972), проф. (1974), КР УИАнын академиги (1997), корр. мүчөсү (1977).

КМУну (1953),
Кыргыз ССР ИАнын Химия ин-тунун аспирантурасын (1956) бүтүргөн. Ошол эле ин-тта кенже, улук ил. кызматкер (1956–68), окумуштуу катчы (1968–71), лабор. башчысы (1971–75), директор (1975–97). КР УИАнын Президиумунун башкы окумуштуу катчысы (1997– 2003) болуп иштеген. 2003- жылдан КР УИАнын президентинин кеңешчиси. Ал 200дөн ашык жаңы бирикмелерди алып, алардын физика-хим. мүнөздөмөлөрүн изилдеген. Кенден алтынды бөлүп алуу б-ча жаңы ил. багытты негиздөөчү. 300дөн ашык ил. эмгеги, а. и. 7 монографиясы, 14 ойлоп табуулары бар. КРдин илимине эмг. сиң. ишмери (1991), Ж. Баласагун атн. сыйл. (1998) ж-а И. К. Ахунбаев атн. сыйл. (2007) лауреаты. Адам коопсуздугу ж-а жаратылыш экологиясы ЭАнын академиги (1999). «Даңк» ж-а эл аралык «Алтын фортуна» медалдары м-н сыйланган.
Эмг.: Взаимодействие ацетамида с неорганическими солями. Ф., 1976; Особенности флотации сульфидов сурьмы и мышьяка (в соавторстве). Ф., 1984; Взаимод ейс т вие ге кс ам е т иле н те т р ам ин а и дим е тилсульфоксида с неограническими солями (в соавторстве). Б., 1994; Философия, химия, синергетика: к исследованию проблемы сложности. Б., 2002.