ИМАНАЛИЕВ Жусуп
ИМАНАЛИЕВ Жусуп (12. 3. 1900, Нарын уезди, Эчки-Башы айылы – 27. 10. 1974, ошол эле жер) – алгачкы агартуучу, педагог, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими (1948). Фрунзе шаарындагы педагогикалык институттун алдындагы үч жылдык мугалимдер курсун бүтүргөн (1929). Тогуз-Тородогу Ийри-Суу мектебинин директору, 1932–35-жылдарда парткомдун секретары, 1940–58-жылдарда Коммунизм жети жылдык мектебинде эмгектенген. Ал Миң- Булак, Оттук, Эчки-Башы, Кызыл-Жылдыз айылдарында башталгыч мектептерди ачкан. 1937-жылы «эл душманы» деген жалган жалаа м-н репрессияланган. 1939-жылы акталып, Архангелскиде камактан бошотулган. Эмгек Кызыл Туу, Ленин ордендери, «Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы каарман эмгеги үчүн» ж. б. медалдар м-н сыйланган. Ысмы Эчки-Башы айылындагы мектепке ыйгарылган (1990).