ИМАНБАЕВ
ИМАНБАЕВ Сулайман (18. 2. 1932-ж. т., Ысык- Көл обл., Түп р-ну, Талды-Суу айылы) – коомдук ишмер. КРдин эмг. сиң. врачы, 1-класстагы мамл. кеңешчи, медицина илимд. кандидаты (1970). 1955-ж. КММИни бүткөн.

1960–75-ж. Фрунзе шаараткомунун төрагасынын орун басары, саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы, 1975–82-ж. Кыргыз ССР Саламаттык сактоо министринин орун басары, 1982– 96-ж. Кыргыз онкология ж-а радиология ИИИнин директору, Кыргыз кардиология ИИИнин директорунун орун басары, Бишкек ш-нын Саламаттык сактоо башкы башкармалыгынын башчысы, КРдин шайлоо ж-а референдум өткөрүү б-ча борб. комиссиясынын төрагасы (1996–2005) болуп иштеген. КРдин Жогорку Кеңешинин депутаты (1990–95). КММАнын (1999), УОБдун (2002) ардактуу проф. 1-даражадагы Манас, «Ардак Белгиси» ордендери, «Даңк», башка 9 медаль м-н сыйланган.