ИМАНКУЛОВ Калык

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИМАНКУЛОВ Калык Айтыгулович (18. 6. 1962- жылы туулган, Бишкек) – генерал-лейтенант (2002).

Мос­ква инженердик-физика институтун (1985) бүтүргөн. 1985– 88-жылдарда Кыргыз ССР ИАнын физика институтунда

улук инженер, кенже илимий кызматкер, 1990–91-жылдарда Кыр­гыз ССР мамлекеттик коопсуздук комитетинин Фрунзе шаардык бөлүмүндө кенже оперупол­номочен, оперуполномочен, 1991–92-жылдарда КРдин мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетин­де бөлүмдүн оперуполномо­чени, 1994–95-жылдарда КРдин мамлекеттик бажы инспекция­сында Бишкек бажыкана­сынын начальнигинин орун басары, «Түндүк» темир жол бажыканасынын начальнигинин орун ба­сары, бажы контроль башкармалыгынын на­чальниги, 1999–2000-жылдарда КРдин финансы ми­нистрлигине караштуу мамлекеттик бажы инспекция­сынын директорунун башкы кеңешчиси, бирин­чи орун басары, директору, 2001–05-жылдарда КРдин улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары, төрагасы болуп иштеген.