ИМАНКУЛОВ 1

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИМАНКУЛОВ Жүкүн (8. 3. 1930-ж. т., Чүй обл., Кемин р-ну, Кичи-Кемин айылы) – иск-во таа­нуучу, режиссёр, иск-во доктору (1993). Ташкент театр-көркөм өнөр ин-тунун театр изилдөө ф-тин (1955), Москвадагы Иск-во тарыхы ин-тунун ас­пирантурасын (1958) бүткөн. «СССР эл артисти Муратбек Рыскуловдун чыгармачылыгы» деген темада кандидаттык, Ленинград театр, музыка ж-а кинематография ин-тунда «Ч. Айтматов­дун чыгармачылыгы жана сахна» деген темада докторлук диссертациясын коргогон. Респ. эл


чыг-лыгы үйүнүн директору (1955), Кыргыз ССР ИАнын философия инс-тунун тарых ж-а укук бөлүмүндө ил. кызматкер (1956–58), Ысык-Көл драма театрынын (1962), Нарын муз.-драма теат­рынын (1963) башкы режиссёру, Ош мамл. пед. ин-тунда улук окутуучу, кафедра башчысы (1965–71), Б. Бейшеналиева атн. КМИИде до­цент (1971–91), БГУда проф. (1997–98) болгон. И. кыргыз театры үчүн В. Шекспирдин «Ри­чард III», М. Ауэзовдун «Кара көз», «Абай», «Эн­лик-Кебек», «Түнкү жаңырык», «Байбиче-Токол» ж. б. чыгармаларды которгон. И. 150дөн ашуун ил.-теор. макалалардын, рецензиялардын автору.


Эмг.: Наш Муратбек. Ф., 1970; Искусство театра: произведения Чингиза Айтматова на сценах театров республик Средней Азии и Казахстана. Ф., 1985; Ч. Айтматов и театр. Б., 2003.