ИМАНКУЛОВ 2

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИМАНКУЛОВ Калык Айтыгулович (18. 6. 1962- ж. т., Бишкек) – генерал-лейтенант (2002).

Мос­ква инж.-физика ин-тун (1985) бүтүргөн. 1985– 88-ж. Кыргыз ССР ИАнын Физика ин-тунда

улук инженер, кенже ил. кызматкер, 1990–91-ж. Кыр­гыз ССР Мамл. коопсуздук к-тинин Фрунзе шаардык бөлүмүндө кенже оперупол­номочен, оперуполномочен, 1991–92-ж. КРдин Мамл. улуттук коопсуздук к-тин­де бөлүмдүн оперуполномо­чени, 1994–95-ж. КРдин Мамл. бажы инспекция­сында Бишкек бажыкана­сынын начальнигинин орун басары, «Түндүк» т. ж. бажыканасынын начальнигинин орун ба­сары, Бажы контроль башкармалыгынын на­чальниги, 1999–2000-ж. КРдин Финансы ми­нистрлигине караштуу Мамл. бажы инспекция­сынын директорунун башкы кеңешчиси, бирин­чи орун басары, директору, 2001–05-ж. КРдин Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары, төрагасы болуп иштеген.