ИМАНОВ 1
ИМАНОВ Акеш (27. 8. 1931 – Ысык-Көл обл., Жети-Өгүз р-ну, Ак-Дөбө айылы) – педагог, тилчи. Филология илимд. доктору (1994), проф. (1992), КРдин билим берүүсүнө эмг. сиң. кызматкер (1995). КМУнун филология ф-тин бүтүргөн (1952). Тажик ССРинин Мургаб р-нунда мектепте мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы, директор (1952–54), Жети-Өгүз р-нундагы «Жон- Булак», «Аң-Өстөн» ж. б. мектептерде мугалим, мектеп директору (1954–58), кийин КУУнун кыргыз тили кафедрасында окутуучу (1962–67), ага окутуучу (1967–68), доцент (1968–92), Каракол ш-ндагы К. Тыныстанов атн. Ысык-Көл мамл. ун-тинин проф., кафедра башчысы, декан (1994) болгон. Ал кыргыз тилинин синтаксистик түзүлүшүнө арналган 220дан ашык ил. кыргыз санжырасы ж-дөгү макалалардын, окуу китептердин автору.
Эмг.: Кыргыз тилинин эки составдуу жөнөкөй сүйлөмдөрүндөгү сөздөрдүн орун тартиби. Ф., 1976; Кыргыз тили (сырттан окуган студенттер үчүн окуу китеби). Ф., 1990; Кыргыз тилинин синтаксиси. Б., 2009.