ИМАРАТ КОЗУ КАРЫНДАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИМАРАТ КОЗУ КАРЫНДАР – афиллофорлор туку­мундагы базидиялуу козу карындар. Орг. зат­тар м-н азыктанат. И. к. к. жыгачты мицелий ж-а базидиоспоралары м-н жабыркатат. Бази­диоспоралар аба аркылуу тез ж-а жеңил тарайт да, бир нече жыл өсүү жөндөмдүүлүгүн жогот­пойт. И. к. к-дын спораларынын өнүгүүсү, ми­целийинин өсүүсү ыңгайлуу темп-рада ж-а ным­дуулукта гана өтөт. Түн. жарым шарда 8 уруу­нун 50 түрү белгилүү. Кадимки үй козу карыны кеңири тараган. Ийне жалбырактуу токойдо өскөн дарактардын сөңгөгүн, дүмүрүн, курулуш жыгач материалдарын, устун жыгачтарды, так­тайларды тез чиритип жиберет. Өтө жугуштуу, ал тараган жыгач, тактай жарым же бир жыл­да бүт чирийт. Аларды өрттөп жок кылуу за­рыл. Инфекциянын пайда болушу ж-а анын андан ары өнүгүүсү, курулуш эрежелери бузул­ганда болот. Көбүнчө курулушка жакшы курга­тылбаган, антисептик м-н иштетилбеген, кабы­гынан тазаланбаган жыгач материалдарын кол­донгондо И. к. к. өсөт. Т. Дөөлөткелдиева.