ИММИГРАЦИЯ
ИММИГРА́ЦИЯ (лат. immigro – көчүп кирем) – башка өлкөнүн жараны туруктуу же убактылуу (адатта, «узакка») жашоо үчүн башка бир өлкөгө көчүп келиши. И. негизинен саясий, экон., диний ж. б. мүнөздөгү себептерден пайда болуп, легалдуу ж-а легалдуу эмес И. болуп бөлүнөт. 19-к-дын аягы – 20-к-дын башында легалдуу И. басымдуулук кылса, учурда легалдуу эмес И. кескин өстү. Алардын көпчүлүгү – эмгек иммигранттары. Иммигранттардын дагы бир өзгөчө тобун качкындар түзөт. Демокр. мамлекеттер өз аймагына белгилүү шарттарга ылайык башка өлкөлөрдүн жарандарынын (иммигранттардын) көчүп келип, туруктуу же убактылуу жашап калуусуна же иммигранттарды өлкөдөн көчүрүп айдап жиберүүгө тыюу салуу укуктарына ээ. Дүйнөнүн иммигранттар баруучу көпчүлүк өлкөлөрүндө атайын иммиграциялык квоталар орнотулган. Ушул квоталардын чегинде чет өлкөлүк жарандардын ар жылдык келип туруусу жөнгө салынып турат. И-нын тарыхы калктын эл өтө жыш жайгашкан аймактан сейрек отурукташкан чөлкөмдөргө оошкону ж-дө мол материал берет. И. АКШ, Канада, Австралия, Жаңы Зеландия, ТАР, Израиль, Аргентина ж. б. өлкөлөргө иммигранттардын көп келип жайгашышы м-н ошол аймактын экон. өнүгүүсүндө чечүүчү ролду ойногон.