ИММУНИТЕТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИММУНИТЕ́Т т а р ы х т а – о. кылымдагы жер ээлеринин ээлигиндеги калкка саясий үс­төмдүк кылуу укугу. И-ти динаят ж-а феодал­дар колдонгон. И. Батыш Европада 10–12-к-да жакшы өнүккөн. И. королдун буйругу б-ча ырас­талып, сот жүргүзүү, салык жыйноо, өз айма­гынын чегинде полициялык, аскердик-адм. мил­деттерди аткаруу ж-а И. тараган аймактын иши­не мамл. кызматкерлердин кийлигишүүсүнө тыюу салууга магнаттарга укук берген. И. Франк мамлекетинин мезгилинде эле кеңири тараган. Саясий борборлоштуруу процессинин күчөшү м-н И. күчүн жогото баштаган. И. феод. мен­чиктин өнүгүшүндө чоң роль ойногон.


Ад.: Гутнова Е. В. К вопросу об иммунитете в Англии XIII в.// Средние века. В. 3. М., 1951.