ИММУНИТЕТ ЖЕТИШСИЗДИК ООРУСУНУН СИНДРОМУ
ИММУНИТЕ́Т ЖЕТИШСИЗДИК ООРУСУНУН СИНДРОМУ , И Ж О С (СПИД) – адамдын эң коркунучтуу жугуштуу оорусу. Анын азырынча (2009-ж.) айыкпастыгы, калк арасында тез
таралып кетиши, оорулуунун өтө кыйналышы, акыры өлүмгө дуушар болору аныкталган. Ошондуктан ал 20-к-дын «чумасы» деп аталган. Бул оору ж-дө алгачкы маалыматтар 1981-ж. АКШда чыгуучу «Оору жана өлүм» аттуу жумалык кабар журналында жарыяланган. Анда соо жүргөн гомосексуалдардын арасында айыкпаган, узакка созулган пневмония ж-а теринин рак оорусу тез арада көбөйүп кеткендиги айтылган. Бул жаңы пайда болгон ооруда адам организминин иммунитет системасынын жабыркашы аныкталган. Мында иммунитет системасын тейлөөчү, иммунитетке жооптуу кандын айрым клеткаларынын түрү тез азайып, акыры канда алардын саны кескин жоголуп кетиши далилденген. Амер. окумуштуулар оорулуунун канынан, спермасынан мурда белгисиз
вирусту таап, бөлүп алышкан. Ал адамдын иммунитет жетишсиздигинин вирусу (АИЖВ) же вирус иммунодефицита человека (ВИЧ) деп аталат. Адамдын денесиндеги түрдүү суюктуктар, айрыкча кан, лимфа ж-а жүлүн суюктугу, эркектин спермасы, жыныс органдарынын былжыры ж. б. бул вирустун жашоо ж-а көбөйүүсү
үчүн эң ыңгайлуу болуп эсептелет. Адамга жуккан вирус кан лимфоцитине кирип, алардын ген. аппаратында көбөйөт, акыры ал клеткалар «желип» бүткөндө, вирус жаңы лимфоцит клеткаларына кирип, анда көбөйүүсүн улантат. Натыйжада кандагы лимфоциттин саны азайып, жоголо баштагандыктан, организмдин иммунитетин камсыз кыла албай калат, б. а. лимфоциттердин иммунитетти камсыз кылуучу антителолорду бөлүп чыгаруу жөндөмдүүлүгү жоголот. Ошондуктан вирус жуккан адам организминде жалпы иммунитеттин жетишсиздиги пайда болуп, бүтүндөй иммунитет системасы бузулат. Ошонун негизинде ИЖОС м-н жабыркаган адамдын организмине сырттан кирген ж-а организмдеги зыяндуу микробдор тоскоолсуз көбөйөт. Андай адам ар кандай (кошумча) оорулар м-н тез жабыркайт. Жеңил өтүүчү инфекцияга эле туш келгенде, организм эч каршылык көрсөтө албай, алардын өтүшү оор болуп,
өлүмгө кабылуусу да мүмкүн. АИЖВ сыртка
кан, эркектин спермасы, аялдын жыныс кынынан бөлүнүүчү былжыр аркылуу чыгып тургандыктан, ал жыныстык катнашуу ж-а кан аркылуу гана, балага – баланын тону, эмчек сүтү аркылуу жугат. АИЖВ адамдын дене суюктуктарында гана жашап ж-а көбөй-гөндүктөн, жыныстык катнашуу, кан куюдан башка турмуш-тиричилик шартында, жөнөкөй жолугушууларда жукпайт. Демек, оорулуу же вирусту жугузуп алган адам анын булагы болуп эсептелет. АИЖВ жуккан оорулуу өлгөнгө чейин айланасындагыларга өтө коркунучтуу. ИЖОС оорусуна көбүнчө гомосексуалдар, бисексуалдар, баңгилер (айрыкча наркотикалык затты ийне саюу жолу м-н колдонгондор), о. эле азыраак кан же кандан алынуучу дары-дармектерди, донорлук трансплантат органдарын алгандар
чалдыгат. Кырг-нда 1987-ж. алгачкы оорулуу (ал Африканын жараны болгон), ал эми 1996-ж. АИЖВ жуктурган жерг. тургун катталган. Кырг-нда ИЖОС м-н ооругандардын саны 3000ге жеткен (2009). Респ-да ИЖОС б-ча улуттук ж-а Эл аралык эксперттер иштеп, ИЖОС м-н күрөшүү программаларын ишке ашырууга бир топ Эл аралык уюмдар [БУУнун өнүктүрүү программасы, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ВОЗ), «Сорос-Кыргызстан», ЮСАИД ж. б.] чоң жардам көрсөтүп жатышат.
Ад.: Тыналиева Т. А., Осмонова А. А. Спид. Б., 2005.
Т. А. Тыналиева.