ИММУНИТЕТ (медицинада)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИММУНИТЕ́Т (лат. immunitas – бөлөк нерсе­ден кутулуу) – тирүү организмдин оору (ылаң) козгогучтарына, алар бөлүп чыгарган уу заттарга ж-а ген. жактан организмге бөтөн антигендик касиеттери бар белокторго карата болгон турук­туулугу. Иммунитет организмдин бөлөк заттарды өзүнү­күнөн ажырата билүү жөндөмдүүлүгү, себеби, бул учурда тең салмактуулук (гемостаз) сакталат. Иммунитет – тубаса (табигый) ж-а жасалма жолдор м-н тандалып, көптөгөн жылдарга созулган эволю­циянын негизинде, организмдин укум-тукуму­на берилген туруктуулуктун ж-а мите организ­минин өзгөрүшүнүн негизинде чыккан кубулуш. Иммунитет жугуштуу ж-а жугушсуз факторлорго кара­та да пайда болот. Келип чыгышы боюнча иммунитет туба­са (табигый) ж-а жасалма болуп экиге бөлүнөт. Тубаса иммунитет – жаныбар ж-а адамдарга тиешелүү тукумдан тукумга берилүүчү туруктуулук. Ту­баса иммунитет жаныбарлар арасында жакшы байка­лат, мисалы, чочко бодонун чумасы м-н ылаңда­байт, тескерисинче ал бодого чочкодон жукпайт. Жаныбар киши оорусу – котон жара, холера м-н ылаңдабайт. Организмге антигендүү зат­тар – бактериялар, вирустар, алардын уулары, мите курттар киргенде организмдеги өзгөрүлгөн клеткаларга ж-а организмге ткань же орган хирургиялык жол м-н жамалганда аларга каршы зат­тар – антителолорду пайда кылат. Алар анти­гендер м-н өз ара аракеттенишип, бири-бири м-н байланышып, антиген – антитело бирик­месин түзөт. Мунун натыйжасында антигендер организмге болгон зыяндуулугун жоготот. Ан­тителонун бир бөлүгү кандын суюк бөлүгүндө иштелип чыгат (гумордук иммунитет). Мындан тышка­ры микробдор организмге киргенде, клеткалар­да аларга каршы заттар пайда болот (клетка­лык иммунитет). Кийин пайда болгон иммунитет организмге антигендердин таасир этишинен келип чыгат. Анын активдүү ж-а пассивдүү түрү бар. Кийин пайда болгон активдүү иммунитет жугуштуу оору м-н ооруп айыккандан же организмге вакцинаны киргизгенден (эмдөө) кийин пайда болот. Мисалы, адам кызылча, кептөөр, көк жөтөл, суу чечек ж. б. оорулар м-н ооругандан кийин, организм бул оорулардын козгогучтарына каршы өмүр бою туруктуу же узакка сакталган антитело иштеп чыгат. Мунун натыйжасында бул оору­лардын айрымдары м-н экинчи оорушпайт же сейрек оорушат, ооруса да жеңил өтөт. Себеби денедеги ошол оорунун козгогучуна каршы зат­тар, козгогуч экинчи жолу денеге жукканда аны дароо эле жугушсуздандырат. Организм ар бир оорунун козгогучуна гана дароо каршы тура алуучу атайын заттарды бөлүп чыгарат. Айрым оорулардан кийин иммунитет кыска мөөнөткө гана пай­да болот. Мисалы, дизентерия ж. б. оорулар м-н кишилер өмүрүндө бир нече жолу оорушу мүм­күн. Кийин пайда болгон иммунитеттин пассивдүү түрүн­дө антителолор эненин организминен түйүлдүккө анын тону аркылуу берилет. Мунун натыйжа­сында жаңы төрөлгөн бала алгачкы 3–6 айла­рында балдардын кызылча, кептөөр, көк жөтөл, полиомиелит ж. б. жугуштуу ооруларынын коз­гогучтарын кабыл албайт ж-а алар м-н ооруш­пайт. Пассивдүү деп аталышынын себеби, ан­титело баланын денесинде иштелип чыкпастан, аны энеден даяр түрдө алат. Пассивдүү иммунитетти ооруп айыккандардын, эмделгендердин канынан даярдалган айрым оору козгогучтарына каршы атайын антителолор бар глобулиндерди же кан сары суусун организмге киргизип, жасалма пай­да кылса да болот. Айрым ооруларга каршы пландуу түрдө эмдөө жүргүзүлөт. Киши организ­ми кээ бир жаныбар, канаттуулар ж-а малдын ылаңын пайда кылуучу микробдорго туруктуу болот. Мисалы, киши малдын чумасы м-н дээрлик оорубайт. Адам ж-а жаныбар организминин мындай айрым оору козгогучун кабыл албоочу­лук жөндөмдүүлүгү тубаса иммунитеттин болушу м-н түшүндүрүлөт. Вирустук жугуштуу оорулардан коргонууда организмдин вирустарга каршы ата­йын белок – интерферонду иштеп чыгышы, кан сары суусу, лимфа, ткань суюктугундагы белок­тордун (комплемент) ж-а фагоцит клеткалар­дын ролу да чоң. Организмдин түрдүү оорулар­дан коргонууга багытталган реакциясын лим­фа системасы ишке ашырат. Бул системага сөөктүн чучугу, тимус (ачакей без, көк боор, лимфа бездери ж. б.) кирет. Инфекцияга же вакцинанын киришине жооп катары активдүү иммунитет пайда болууда лимфоциттер негизги ролду ойнойт. Алардан чыккан плазма клеткалары антитело иштеп чыгарат.



Д. Раимбеков, Т. А. Тыналиева.