ИММУНИТЕТ (м а м л е к е т т и к)
ИММУНИТЕ́Т м а м л е к е т т и к – эл аралык укук принциби, жалпысынан алганда бир мамлекеттин башка бир мамлекетке карата бийлик кылуунун мүмкүн эместиги. Бул принцип кадимки укуктук нормадан – «тең менен теңдин ортосунда бийлик болбойт» дегенден келип чыккан. Иммунитеттин негизи – мамлекеттин эгемендүүлүгү. Мамлекеттердин эгемендүү теңдиги БУУнун Уставында белгиленген. Иммунитеттин жалпы жобосу боюнча мамлекет чет элдик сотко, мыйзамдарга, чечимдерге баш ийбейт ж-а өз менчигинен айрыла албайт. Мамлекетке ж-а анын органдарына башка чет мамлекеттин соту доомат коё албайт. Чет мамлекет, анын органдары ж-а ага тийиштүү мүлк иммунитеттен пайдаланат. Иммунитеттин абсолюттук ж-а чектелген түрү белгилүү. Мамлекет өз эгемендүүлүгүн толук сактаса абсолюттук иммунитет (мурдагы СССР, Кытай, Улуу Британия ж-а АКШнын сот практикаларында колдонулган), жеке адам алып бара турган ишти аткарса, чектелген иммунитет деп эсептелет (20-кылымдын 2-жарымында пайда болгон). Ошондой эле иммунитеттин консулдук иммунитет, күбө иммунитет, дипломатиялык иммунитет ж. б. түрлөрү бар.