ИММУНИТЕТ (тарыхта)
ИММУНИТЕ́Т т а р ы х т а – орто кылымдагы жер ээлеринин ээлигиндеги калкка саясий үстөмдүк кылуу укугу. Иммунитетти динаят ж-а феодалдар колдонгон. Иммунитет Батыш Европада 10–12-кылымдарда жакшы өнүккөн. Иммунитет королдун буйругу боюнча ырасталып, сот жүргүзүү, салык жыйноо, өз аймагынын чегинде полициялык, аскердик-административдик милдеттерди аткаруу ж-а иммунитет тараган аймактын ишине мамлекеттик кызматкерлердин кийлигишүүсүнө тыюу салууга магнаттарга укук берген. Иммунитет Франк мамлекетинин мезгилинде эле кеңири тараган. Саясий борборлоштуруу процессинин күчөшү м-н иммунитет күчүн жогото баштаган. Иммунитет феодалдык менчиктин өнүгүшүндө чоң роль ойногон.
Ад.: Гутнова Е. В. К вопросу об иммунитете в Англии XIII в.// Средние века. В. 3. М., 1951.