ИММУНИТЕТ 1
ИММУНИТЕ́Т (лат. immunitas – бөлөк нерседен кутулуу) – тирүү организмдин оору (ылаң) козгогучтарына, алар бөлүп чыгарган уу заттарга ж-а ген. жактан организмге бөтөн антигендик касиеттери бар белокторго карата болгон туруктуулугу. И. организмдин бөлөк заттарды өзүнүкүнөн ажырата билүү жөндөмдүүлүгү, себеби, бул учурда тең салмактуулук (гемостаз) сакталат. И. – тубаса (табигый) ж-а жасалма жолдор м-н тандалып, көптөгөн жылдарга созулган эволюциянын негизинде, организмдин укум-тукумуна берилген туруктуулуктун ж-а мите организминин өзгөрүшүнүн негизинде чыккан кубулуш. И. жугуштуу ж-а жугушсуз факторлорго карата да пайда болот. Келип чыгышы б-ча И. тубаса (табигый) ж-а жасалма болуп экиге бөлүнөт. Тубаса И. – жаныбар ж-а адамдарга тиешелүү тукумдан тукумга берилүүчү туруктуулук. Тубаса И. жаныбарлар арасында жакшы байкалат, мис., чочко бодонун чумасы м-н ылаңдабайт, тескерисинче ал бодого чочкодон жукпайт. Жаныбар киши оорусу – котон жара, холера м-н ылаңдабайт. Организмге антигендүү заттар – бактериялар, вирустар, алардын уулары, мите курттар киргенде организмдеги өзгөрүлгөн клеткаларга ж-а организмге ткань же орган хирург. жол м-н жамалганда аларга каршы заттар – антителолорду пайда кылат. Алар антигендер м-н өз ара аракеттенишип, бири-бири м-н байланышып, антиген – антитело бирикмесин түзөт. Мунун натыйжасында антигендер организмге болгон зыяндуулугун жоготот. Антителонун бир бөлүгү кандын суюк бөлүгүндө иштелип чыгат (гумордук И.). Мындан тышкары микробдор организмге киргенде, клеткаларда аларга каршы заттар пайда болот (клеткалык И.). Кийин пайда болгон И. организмге антигендердин таасир этишинен келип чыгат. Анын активдүү ж-а пассивдүү түрү бар. Кийин пайда болгон активдүү И. жугуштуу оору м-н ооруп айыккандан же организмге вакцинаны киргизгенден (эмдөө) кийин пайда болот. Мис., адам кызылча, кептөөр, көк жөтөл, суу чечек ж. б. оорулар м-н ооругандан кийин, организм бул оорулардын козгогучтарына каршы өмүр бою туруктуу же узакка сакталган антитело иштеп чыгат. Мунун натыйжасында бул оорулардын айрымдары м-н экинчи оорушпайт же сейрек оорушат, ооруса да жеңил өтөт. Себеби денедеги ошол оорунун козгогучуна каршы заттар, козгогуч экинчи жолу денеге жукканда аны дароо эле жугушсуздандырат. Организм ар бир оорунун козгогучуна гана дароо каршы тура алуучу атайын заттарды бөлүп чыгарат. Айрым оорулардан кийин И. кыска мөөнөткө гана пайда болот. Мис., дизентерия ж. б. оорулар м-н кишилер өмүрүндө бир нече жолу оорушу мүмкүн. Кийин пайда болгон И-тин пассивдүү түрүндө антителолор эненин организминен түйүлдүккө анын тону аркылуу берилет. Мунун натыйжасында жаңы төрөлгөн бала алгачкы 3–6 айларында балдардын кызылча, кептөөр, көк жөтөл, полиомиелит ж. б. жугуштуу ооруларынын козгогучтарын кабыл албайт ж-а алар м-н оорушпайт. Пассивдүү деп аталышынын себеби, антитело баланын денесинде иштелип чыкпастан, аны энеден даяр түрдө алат. Пассивдүү И-ти ооруп айыккандардын, эмделгендердин канынан даярдалган айрым оору козгогучтарына каршы атайын антителолор бар глобулиндерди же кан сары суусун организмге киргизип, жасалма пайда кылса да болот. Айрым ооруларга каршы пландуу түрдө эмдөө жүргүзүлөт. Киши организми кээ бир жаныбар, канаттуулар ж-а малдын ылаңын пайда кылуучу микробдорго туруктуу болот. Мис., киши малдын чумасы м-н дээрлик оорубайт. Адам ж-а жаныбар организминин мындай айрым оору козгогучун кабыл албоочулук жөндөмдүүлүгү тубаса И-тин болушу м-н түшүндүрүлөт. Вирустук жугуштуу оорулардан коргонууда организмдин вирустарга каршы атайын белок – интерферонду иштеп чыгышы, кан сары суусу, лимфа, ткань суюктугундагы белоктордун (комплемент) ж-а фагоцит клеткалардын ролу да чоң. Организмдин түрдүү оорулардан коргонууга багытталган реакциясын лимфа системасы ишке ашырат. Бул системага сөөктүн чучугу, тимус (ачакей без, көк боор, лимфа бездери ж. б.) кирет. Инфекцияга же вакцинанын киришине жооп катары активдүү И. пайда болууда лимфоциттер негизги ролду ойнойт. Алардан чыккан плазма клеткалары антитело иштеп чыгарат.
Д. Раимбеков, Т. А. Тыналиева.