ИММУНОЛОГИЯ
ИММУНОЛО́ГИЯ (иммунитет ж-а ...логия) – организмдин функциялык ж-а структуралык
бүтүндүгүн, биол. өз алдынчалыгын сактоого багытталган коргонуу реакциясы ж-дөгү илим. Иммунитеттин жалпы биол. негиздерин, анын пайда болушун ж-а эволюциясын, түр ичиндеги ар түрдүүлүктү, ткань антигендеринин тукум куугучтук касиетин, антигендердин хим. түзүлүшүн касиетин ж-а алардын өз ара аракеттенүү закон ченемин үйрөтөт. Эпидемия учурунда ошол оорудан айыккан киши оорулуу адамды баккан учурда өзү оорубай тургандыгы байкалган. 1876-ж. англ. врач Э. Женнер уй чечегин адамга жугузуу м-н, чечекке каршы жасалма эмдөөнүн жолун тапкан. И-нын башталышына И. И. Мечников, А. А. Безредка ж. б. илимпоздордун салымы зор. И-лык реакцияларды клиникалык И. кээ бир ооруларды аныктоо, дарылоо ж-а алдын алуу үчүн пайдаланат. Ал медицина ж-а ветеринария, микробиология, о. эле эпидемиология, физиология, биохимия, эндокринология ж. б. илимдер м-н тыгыз байланыштуу. И-нын кан сары суусундагы антителолор м-н антигендик реакциясын изилдөөчү бөлүгү серология деп аталат. Клиникалык И-нын аллергология, микробиология б-ча маселелери эл аралык конгресстерде талкууланат.
Ад.: Бернет Ф. М. Клеточная иммунология. М., 1971; Ярилин А. А. Основы иммунологии. М., 1999.