ИММУНОТЕРАПИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИММУНОТЕРАПИ́Я – иммунологиянын жу­гуштуу ооруну иммун дарылары (вакцина, кан сары суусу, гаммаглобулин ж. б.) м-н дарылоочу бөлүгү. Кан сары суусу, гаммаглобулин катуу кармаган ооруларда – кептөөр, селейме, боту­лизм, менингит ж. б-да колдонулат. Вакцина­лар көпкө создуккан өнөкөт жугуштуу оору­ларда – дизентерия, бруцеллёз, туляремия ж. б-да куюлат. И. антибиотиктер ж-а химиотерапия м-н бирге жүргүзүлөт. И. в е т е р и н а р и я­д а – жаныбардын жугуштуу ооруларында кан сары суусун, бактериофагдарды организмге кир­гизгенде жаныбар организминдеги оору козго­гучтарга же алардын ууларына каршы даяр кор­гогуч заттар (антитела) келип түшөт.