ИМПАКТТЫК ЗОНАЛАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИМПАКТТЫК ЗОНАЛАР (англ. ³mpact – сок­ку, түрткү) – антропогендик таасирден булган­ган океан, деңиз аймактары. Азыркы учурда өтө коркунучтуу булгоочу заттар (нефть ж-а нефть продуктулары, коргошун, сымап ж. б. оор ме­таллдардын бирикмелери, уулуу химикаттар ж. б.) жер ортолук ж-а ачык деңиздерде, о. эле океандардын айрым бөлүнүштөрүндө кездешет. Булгануу алгач деңиз, океан жээктеринде пай­да болуп, анан жээктен алыс акваторияга та­рап, мезгил ж-а мейкиндик б-ча туруктуу бо­лот. Суу объектилеринин булгануусунан импакт­тык экосистемалар түптөлөт.