ИМПЕРАТОР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИМПЕРА́ТОР (лат. imperātor – өкүмдар, impe- ro) – монарх даражасы. Алгач Байыркы Римде б. з. 1-к-нда Август ж-а анын мураскерлеринин тушунда И. монарх титулу катары айтыла баш­таган. Батыш Рим империясы кулагандан ки­йин Чыгышта Византияда сакталган; Батыш­та 800-ж. Улуу Карл калыбына келтирген, ки­йин герман королу Оттон I кабыл алган. Кийин­черээк башка мамлекеттердин монархтары да И. деп аталышкан (Россияда – 1721–1918-ж., Австрияда – 1804–1918-ж., Германияда – 1871– 1918, Кытайда – 1911-ж. чейин, азыркы учурда Японияда ж. б.).