ИМПЕРИАЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИМПЕРИА́Л (латынча imperiālis – императордук) – орустун алтын тыйыны; 1755-жылы адегенде 10 рубль наркында чыгарылган. 12 гдай таза ал­тыны болгон. Империадын аркы бетинде жана жарым империалда (5 рублдик тыйын) «Империялык россия тыйыны» деген жазуу болгон. 1897-жылы алтын рубль киргизилгенине байланыштуу империалдын но­миналдык наркы девальвация натыйжасында 15 сомго чейин жеткен. 1897-жылдан кийин баш­ка аталыштагы 8‚6 жана 4‚3 гдык 10 жана 5 рубл­дик тыйындар жапырт чыгарыла баштаган.