ИМПЕРИАЛИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИМПЕРИАЛИ́ЗМ (лат. imperium – бийлик, үс­төмдүк) – саясий же экон. жактан өз көзөмө­лүнө алуу үчүн кандайдыр мамл. тарабынан жүр­гүзүлгөн саясатты туюнткан түшүнүк. Мунун не­гизинде өнүккөн алдыңкы өлкөлөр башка ай­макты басып алып, аларды колонияга айлан­тышкан. Бул термин 19-к-дын 2-жарымынан англ. экономист Ж. Гобсондун «Империализм» (1902) ж-а В. И. Лениндин «Империализм – ка­питализмдин эң жогорку баскычы» аттуу эм­гектеринен кийин кеңири таралган. Марксизм­де [О. Бауэр (Австрия), Р. Гильфердинг, Р. Люк­сембург (Германия), В. И. Ленин, Н. И. Буха­рин (Россия) ж. б-дын эмгектеринде] И. өнүк­көн капитализм – монополисттик капитализм­дин эң жогорку баскычы катары көрсөтүлөт. И-ге алгач ил. талдоо жүргүзгөн В. Ленин бол­гон ж-а ал анын негизги экон. белгилерин мын­дайча аныктаган: 1) өндүрүш м-н капиталды концентрациялоо эң жогорку баскычка жеткенде ал чарбалык турмушта чечүүчү роль ойногон мо­нополияларды пайда кылат; 2) банк капиталы ж-а ө. ж. капиталы кошулуп, финансы капи­талын же финансы олигархиясын түзөт; 3) то­варды чыгарууга караганда капиталды чет өл­көгө чыгаруу өзгөчө мааниге ээ болот; 4) дүйнөнү бөлүп алуу үчүн эл аралык монополисттик ка­питализмдин союздары түзүлөт; 5) ири капита­листтик державалардын ортосунда дүйнөнү ай­мактык жактан бөлүштүрүү аяктайт. И. белгилүү


бир тарыхый баскычка тиешелүү болуп, өз учу­рунда Грекия, Рим, Осмон империясы, Испа­ния, Улуу Британия сыяктуу алдыңкы мамле­кеттер башка элдерге үстөмдүк кылып, империа­листтик башкаруунун түрлөрүн жараткан. Ин­дустриялык жактан өнүккөн мамлекеттер жүргүзгөн экспансиялык мезгил (1880-жылдан 1-дүйнөлүк согушка чейин) «классикалык И.» деп аталат. 2-дүйнөлүк согуштан кийин ылдам өнүгө баштаган мамлекеттердин (мис., АКШ м-н мурдагы Сов. Союзу) жаңыдан өнүгүп жат­кан мамлекеттерге карата жүргүзгөн саясатын «неоимпериализм» деп аташат. 1953-ж. Ж. Гэл­лэжер м-н Р. Робинсон «Эркин соода империа­лизми» аттуу чакан макаласында өнүккөн мам­лекеттер өзүнөн алсыз мамлекеттерди экон. кара­жаттардын жардамы м-н кыйыр көзөмөлдөйт деген маанини туюнткан «формалдуу эмес И.» терминин киргизишкен. Формалдуу эмес И. ж-дө бүгүнкү күнгө чейин көптөгөн талаш-тартыш­тар жүрүп, ар түрдүү көз караштар айтылат. И-дин маанисин саясий ж-а аймактык жактан үстөмдүк кылуу деген түшүнүк м-н чектөөнү туу­ра көрүшкөн изилдөөчүлөр тарабынан анык, так эместиги сынга алынып келет.