ИМПРЕССИОНИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИМПРЕССИОНИ́ЗМ (французча impression – таасир) – XIX кылымдын үчүнчү чейреги – XX кылымдын башында искусстводо өкүм сүргөн багыт. 1860-жылдардын аягы – 1870-жылдардын башында француз жи­вописинде калыптанган. Импрессионизмдин жетик мезгилин­де (1870-жылдар ж-а 1880-жылдардын 1-жары­мы) искусствону жаңылоо, расмий салондук ака­демизмди жоюу үчүн күрөшкөн К. Моне, О. Ре­нуар, Э. Дега, К. Писсарро, А. Сислей, Б. Моризо сыяктуу сүрөтчүлөр 1874–1886-жылдар аралыгында 8 көргөзмө уюштурган. «Импрессионизм» деген термин К. Мо­ненин «Таасир. Чыгып келе жаткан күн» (1872) деген сүрөтү көргөзмөгө коюлгандан тартып пай­да болгон. Импрессионизм 1840–1860-жылдары классицизм, ро­мантизм жана академизм шарттуулугунан бошоп, күнүмдүк турмуш чындыгынын, жөнөкөй демок­ратчыл мотивдердин сулуулугун даңазалайт, сүрөттөлгөн көрүнүштүн жандуулугуна жетишет. Айлана-чөйрөдөгү түркүн түстөрдүн ажа­рын ачып, адам менен жаратылыштын биримди­гин көргөзөт.

О. Ренуар. «Ложа». 1874. Курто институту (Лондон).
П. П. Трубецкой. «Л. Н. Толстой ат үстүндө», 1899.

Импрессионисттер көрүнүштөрдөгү кокустуктарга көбүрөөк көңүл бурушуп, фабу­ладан баш тарткан жана чыгармачылыгында алгачкы таасирди сактоого көңүл бурушкан. Импрессио­нисттер өз мезгилинде алгачкылардан болуп шаар турмушунун өзгөчөлүгүн ар тараптан көр­сөтүшкөн. Көрүнүштүн жаңылыгын сактоо үчүн татаал тондорду таза түстөргө бөлүп жиберүү ыкмасын иштеп чыгышкан, башкача айтканда таза түстөрдүн сүйкөмү көрүүчүнүн көз алдында аралашып жат­кан сыяктанат. 1880-жылдардын орто ченинде ммпрессионизм бир бүтүн система жана багыт катары өз мүмкүнчүлүгүн түгөтүп, искусствонун андан аркы эволюциясына жаңы түрткү берген. Кадыресе калыптанган импрессионизмдин чыгармалары ачык жана тур­мушка жакын болгону менен, көркөм каражаттар­дын баалуулугун өз алдынча кароого, чыгарма­нын формалдык структурасына көбүрөөк көңүл бөлгөн. 1880–1910-жылдары көп сүрөтчүлөргө (М. Либерман, Л. Коринт – Германияда; К. Ко­ровин, В. Серов, И. Грабарь – Россияда), айкелчилерге (Э. Дега, О. Роден – Франция­да; М. Россо – Италияда; П. Трубецкой, А. Голубкина – Россияда) таасир тийгизген. Импрессионизмдин салттары XX кылымдын искусствосунун реалисттик агымдарынан да кездешет. Сүрөт өнөрүндөгү ммпрессионизмдин айрым принциптери бирдиктүү көркөм система боло албаса да, адабият, музыка, театрдын көркөм каражаттарын өнүктүрүүгө таасир тий­гизген.




д.: Ревалд Дж. История импрессионизма. М., 2002; Энциклопедия импрессионизма. М., 2005; Андреев Л. Г. Импрессионизм – empressionnisme: Видеть.
Чувствовать. Выражать. М., 2005.