ИМПРОВИЗАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИМПРОВИЗА́ЦИЯ (лат. improvisus – күтпөгөн жерден, капыстан) – аткаруу учурунда көркөм чыгарманы шыдыр жаратуу өнөрү. Алдын ала даярдыксыз көркөм чыгарма жаратуунун, та­бигый таланттын, кесиптик дасыгуунун натый­жасында пайда болот. И. музыка, бий искусство­суна, театр, айрыкча көркөм сөз өнөрүнө мү­нөздүү. Эл чыг-лыгына байыртан байыр алган бул өнөр ар элде ар кандай аталат. П о э з и я­д а г ы И. – ырчылардын берилген темага ыла­йык, болбосо айтышта ойду улоо же жооп кай­таруу иретинде такалбай, куюлуштуруп, жа­мактатып ыр чыгарышы. Кыргызда оозеки чыг-лык өкүм сүрүп турган кезде, И. көркөм сөз өнөрүнүн зарыл компоненти катары турмуштук муктаждыктан келип чыгып, көркөм чыг-лык­тын айтуу формасы иретинде улам өнүгүп, өркүндөп салттуу өнөргө айланган. И. өнөрү ай­рыкча жомокчу (кээде), жамакчы, нускоочу ырчыларга мүнөздүү. Алардын чыг-лык куду­ретин т ө к м ө ч ү л ү к деп таамай аталган. И. өнөрүн Токтогул, Жеңижок, Эшмамбет, Эсена­ман, Барпы, Калык, Осмонкул, Алымкул, Ысма­йыл сыяктуу эл ырчылары көркөм бийиктикке жеткирип, ал салтты Э. Турсуналиев, Т. Тыны­беков, Т. Абдиев, З. Үсөнбаевдер улантышты. Заманбап кыргыз поэзиясына да төкмөлүк өнөр­дү аркалаган жаштар (Э. Иманалиев, Ж. Ток­тобеков, А. Кутманалиев, Майра Керим кызы, А. Нуралиев, А. Болгонбаев, А. Туткучов ж. б.) келүүдө. Кыргыз ад-тында И-лык поэзиянын эң ири өкүлү катары улуу Токтогулду атоого бо­лот. Ал чыгармаларын комуздун коштоосунда алдын ала даярдыксыз аткарган. Төкмө акын­дар И-лык поэзиянын бекем, туруктуу салтта­рын, өзүнө жаккан акындын чыгармаларын аткарганда, ал акындын стилдик бөтөнчөлүк­төрүн толук сактоого аракеттенген. Кыргыз акындар поэзиясында И-нын эки түрдүү форма­сын атоого болот: 1) нускоо түрүндөгү И. – кө­бүнчө саясий маанидеги насыят, санат ырла­рын; 2) жамак түрүндөгү И. – аш-тойлордо кү­рөшкө чыккан балбандарды, жарышка салын­ган күлүктөрдү мактап, жар салып ырдаган ырчыларга мүнөздүү. И-лык шык кээде профес­сионал жазуучу, акындарда да болот. Эгерде элдик акындар И-лык өнөрүн оозеки түрдө өнүктүрсө, профессионал акындар өздөрүнүн И-сын жазма түрүндө ишке ашырат. Эгерде жаз­ма импровизаторлордун эч даярдыксыз кагазга түшүргөн ыры ошол вариантта сакталып кал­са, оозеки импровизаторлор бир эле темадагы ырын кайрадан аткарганда мурдагысы сөзмө­сөз эч качан кайталанбайт, ыр саптары өзгө­рөт, айрым сүрөттөө каражаттары кемип, же күчөйт, же айрым строфалары жоголуп, анын ордуна жаңысы пайда болот. М у з ы к а д а И. элдик И-нын таасиринде жаралган ж-а калып­танган. Европада анын алгачкы формалары о. кылымдагы вокалдык сыйынуу музыкасына байланыштуу чыккан. Музыка толук кагазга түшүрүлбөгөндүктөн, ар бир аткаруучу партия­сын өз деңгээлинде И-лаган. Акырындап И. ыкмасы жө нгө сал ынып, 19-к -дын 1-жа­рымында белгилүү комп.-аткаруучулардын (Л. Бетховен, Н. Паганини, Ф. Шопен) чыг-лы­гында эркин фантазиялоо формасы катары чоң мааниге ээ болгон. Фантазия, экспромт, прелю­дия сыяктуу айрым муз. жанрлар И. жолу м-н жаралган. Азыр жаз музыкасында И-га көбүрөөк жол берилет. Б и й д е И. элдик ырым-жырым, оюн-зоок майрамдары м-н байланыштуу байыр­тан бери өнүгүп келет. И. Азия элдеринин эл­дик бийинде, профессионалдык бий өнөрүндө, айрыкча музыканын мазмунун бий м-н туюн­дурууда байкалат. Т е а т р д а И. – сценарий­деги мерчемдүү темага ылайык өз сөзүн жалгай айтып, образ түзө алган актёр оюну. 20-к-дын башында И-ны актердун чыг-лыгын активдеш­тирүүдө, элдик көркөм каражаттар м-н ба­йытууда актерлор м-н иштөөдөгү окуу-тарбия методу катары К. С. Станиславский кийирген. 1919–38-ж. Москвада И. театры болгон. И. азыр театр педагогикасынын негизги элементи ката­ры пайдаланылат. Кыргыз музыкасында, ай­рыкча комуз күүлөрүн чыгарууда И-нын үлүшү зор. Анткени күү нотага түшүрүлбөй, бир чертүү м-н аткарылат. Кыргызда И. аспапчыларда (күү чыгарууда, аткарууда) өтө күчтүү болгон. Элдик аспаптык чы-лыкта (комузчулар, кыл кыякчы­лар, ооз комузчулар, чоорчулар, сурнайчылар ж. б.) шайырлар күүлөрүн төкмөлөп чыгарыш­кан. Ошондуктан бүгүнкү черткен күүсүн эртеси кайрыктарын узартып же кыскартып чертиш­кен. Бул болсо төкмөчүлүктүн өзүнчө бир касиети катары салтка айланган. Залкар шайырлар: Арстанбек, Муратаалы, Карамолдо, Абак, Ыбы­рай, Ныязаалы, Токтогул, Айдараалы, Атай ж. б. төкмөлөп күү чыгаруунун, аткаруунун үлгү­сүн көрсөтүшкөн.