ИМПУЛЬСТУК ТРАНСФОРМАТОР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИМПУЛЬСТУК ТРАНСФОРМА́ТОР – импульстук электр чыңалуусун же токту өзгөртүү үчүн колдонулуучу трансформатор. И. т. эч кандай өзгөрүүсүз түрдө узактыгы 0,1...0,3 мкс болгон импульстарды бере алат. Ал импульстардын уюлдуулугун өзгөртүү, токтун туруктуу күчүн жоюу, импульстук сигналдарды кошуу үчүн, негизинен автоматика ж-а эсептөө техникасында колдонулат.