ИМПУЛЬСТУУ ФОТОМЕТРИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИМПУЛЬСТУУ ФОТОМЕ́ТРИЯ – фотометрия­нын импульстуу жарык агымын изилдөөчү ж-а аны нерсенин оптикалык мүнөздөмөсүн (чагы­луу, өткөрүү коэфф-и ж. б.) аныктоодо колдо­нуучу бөлүмү. Азыркы учурда И. ф-да импульс лампасы ж-а лазер колдонулат. И. ф-га негизи­нен мейкиндиктеги энергияны, импульстуу бу­лактын спектрдик ж-а убакыттык мүнөздөмөсүн эсептөө, аларды өлчөө кирет. Лазер техникасы­нын өнүгүшү, өзгөчө когеренттүү нурлануунун нано­ж-а пикосекунд импульсун алуу ыкмасы И. ф-га жарык импульсун сызыктуу эмес крис­талл м-н детекторлоо, жогорку тартиптеги кор­реляция (көз карандылык) функциясын колдо­нуу ж. б. сыяктуу өлчөөнүн жаңы ыкмасын иштеп чыгуу маселесин койду. Азыркы И. ф-да жарык импульстарынын узактыгына ылайык келген тез иштөөчү ЭЭМдер колдонулат. Ал маа­лыматты убакыттын чыныгы масштабында эсептөөгө мүмкүндүк берет.