ИНАЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНА́Л , э н а л – ават уруусундагы геноним. Айрым маалыматтар б-ча уруунун аталышы. Тувада 9–10-к-га тиешелүү кыргыздар калтыр­ган рун эстеликтеринде «ынал» деген сөз кезде­шет. Белгилүү тарыхчы Рашид ад-Дин кыргыз­дар ж-дө маалымат бергенде, алардын падыша­сы «инал» деп аталарын белгилейт. Ушундай эле маалымат Абу-л-Гази Бахадур хандын эм­гегинде да айтылат. Махмуд Кашгари И-га төмөнкүдөй аныктама берет: 1) энеси хан теги­нен, атасы карапайым жерден чыккан, тектүү, жогорку даражалуу; 2) энчилүү ат, титул.