ИНАУГУРАЦИЯ
ИНАУГУРА́ЦИЯ (англ. inauguration, лат. ina- gurо – жарык кылуу, арноо, ардактоо, түшүнүктүү кылуу) – бир катар өлкөлөрдө жаңы же кайра шайланган мамлекет башчысынын кызматына киришүү алдында өткөрүлгөн салтанаттуу ант берүү аземи. Парламент алдында президенттин ант берүүсү (конституцияга, айрым өлкөлөрдө Библияга же Куранга) И-нын өзөктүү моменти, конституциялык маанидеги акт болуп эсептелет. Ант бергенден кийин президент кызматына киришти деп табылат. Кырг-нда алгачкы И. 1990-ж. А. Акаев, акыркы жолу 2010-ж. Р. Отунбаева Президент болуп шайлангандан кийин өткөзүлгөн. КРдин Президенти Жогорку Кеңештин депутаттары, КРдин Конституциялык, КРдин Жогорку сотторунун судьялары, Өкмөт мүчөлөрү, КРдин Президентинин администрациясы ж-а КРдин Өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери, обл., р-ндук мамл. администрация жетекчилери, борб., мамл. органдардын, мамл. ишканалардын ж-а коомдук уюмдардын, коомдук палатанын ж-а КР калкынын ассамблея жетекчилери, дипл. корпустун ж-а эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, элдик партия өкүлдөрүнүн, о. эле жалпы элдин алдында оң колун КРдин Конституциясына коюп, Кырг-ндын элине ак ниеттен кызмат кылууга салтанаттуу түрдө ант берген соң, мамлекет башчысына КР Президентинин күбөлүгү ж-а моюнга илме чынжырлуу лента белгиси тапшырылат.