ИНВАЗИЯ ЫЛАҢДАРЫ
ИНВА́ЗИЯ ЫЛАҢДАРЫ – жаныбарларга тиешелүү мителер козгогон ылаңдардын тобу. Алар козгогучтарына жараша бир нече топк о бөлүнгөн: протозооздор (жөнөкөйлөр), гельминтоздор (гельминттер), арахноздор (жөргөмүш сымалдар, кенелер), энтомоздор (чымын-чиркейлер). А. ч. жаныбарларында И. ы. клиникалык белгилери айкын формада өтүп, бир
кыйла өлүмгө учуратат. Кээде, тымызын формада өтөт, мис., диктиокаулёзго чалдыккан эттүү койлордо күзгө, жазга чейин ылаңдын клиникалык белгилери билинбейт, бирок, багуу начарлап, тоют жетишсиз болгондо, ылаңдын белгилери пайда болот. И. ы-нын көпчүлүгү узакка чейин тымызын же клиникалык белгилери байкалбай өтөт. И. ы-нын таралышына табият шарттары: климат, топурак, фауна ж-а флора, суу булагынын саны ж-а сапаты ж. б. факторлор чоң таасир этет. Мис., жаан-чачындуу мезгилде ылаңдаган малдын саны көбөйөт, бодо м-н жылкыны көпкө дейре бир эле жайытта кармай бергенде гельминттер козгогон ылаңдар күч алат. И. ы-нда мите алып жүрүүчүлөрдүн ролу чоң, себеби аларда ылаңдын клиникалык белгилери билинбейт, бирок ылаңды узакка
чейин тымызын таратуучу болуп кала берет. И. ы. мал чарбасына бир кыйла экон. зыян алып келет. И. ы. көбүнчө жаш малды, өзгөчө канаттууларды зыянга учуратат, о. эле, малдын башка ылаңдардан жапа тартышына көмөкчү болот.
Д. Раимбеков.