ИНВАРИАНТ
ИНВАРИА́НТ (лат. invarians – өзгөрбөөчү) м ат е м а т и к а д а – белгилүү тартиптеги өзгөртүүлөрдө эч өзгөрбөстөн калуучу чоңдук (сан, алг. туюнтма ж. б.). И. кандайдыр матем. объект м-н байланышкан ж-а ошол объектини же ал баяндалып жаткан эсептөө системасын белгилүү тартипте өзгөрткөндө өзгөрүүсүз калат, мис., кандайдыр бир фигуранын аянты, эки түз сызыктын ортосундагы бурч – кыймылдын И-ы. Геом. фигураны ж-а анын абалын сандардын жардамы м-н мүнөздөө үчүн, адатта эсептөөнүн жардамчы системасы же координаталар системасы алынат. Мындай системадан алынган х , х2, ..., хn сандары изилденүүчү геом. фигураны гана эмес, анын эсептөө системасына болгон катышын да мүнөздөйт. Бул системаны өзгөртүүдө геом. фигура башка сандар м-н мүнөздөлөт. Ошондуктан, эгерде кандайдыр f (x1, x2, ..., xn) туюнтмасынын мааниси геом. фигуранын өзүнө мүнөздүү болсо, анда ал эсептөө системасына көз каранды болбоого тийиш, б. a. f (x1, x2, ..., xn)= = x ′ , x′ , ..., ′ барабардыгы аткарылат. Бул ба- 1 2 xn рабардыкты канааттандырган бардык туюнтмалар И. болот. И-тын эң жөнөкөй мисалы – алг. сызыктардын тартиби. И. түшүнүгүн немис математиги О. Гессе (1844) пайдаланып, англ. математик Ж. Сильвестр «И.» терминин сунуш кылган (1851–52). 19-к-дын акырында немис математиги Д. Гильберт андан ары өркүндөткөн. И. анализдик геометрияда, тензордук эсептөөдө, топологияда колдонулат.
Ад.: Погорелов А. В. Аналитическая геометрия. М., 1968; Беклемишев Д. В. Курс аналитической геометрии и линейной алгебры. М., 1984.