ИНВЕНТАРИЗАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНВЕНТАРИЗА́ЦИЯ (лат. inuentarium – мүлк­тү каттоо) – накта материалдык баалуулуктар­дын (негизги ж-а жүгүртүү фонддордун) колдо бар экендигин ж-а абалын‚ о. эле банк эсебин­деги акча каражаттарын‚ каражат калдыкта­рын‚ дебиторлор ж-а кредиторлор м-н башка эсептерди текшерүү. И. толук ж-а жарым-жар­тылай‚ пландуу ж-а күтүүсүз деп бөлүнөт. То­лук И. ишкананын каражаттарынын бардык түрүн ж-а анын бардык эсеп-кысап алакасын текшерүүнү камтыйт. Жарым-жартылай И. та­бигый азаюу белгилери бар каражат түрүн тек­шерүү үчүн жүргүзүлөт. Пландуу И. календар­дык график б-ча жыл бою жүргүзүлөт. Күтүүсүз И. материалдык ж-а акча каражаттарын орун­суз жок кылуунун ж-а уурдоонун алдын алат. И-ны өткөрүү администрациянын‚ бухгалтерия­нын өкүлдөрү ж-а өндүрүш кызматкерлери (ин­женерлер‚ техниктер ж. б.) кирген такай иштөө­чү инвентаризациялык комиссияга жүктөлөт. КРде ишкананын мүлкүн ижарага берүүдө‚ сатуу­да‚ сатып алууда‚ о. эле мамл. ж-а муниципал­дык бириккен ишканаларды өзгөртүп түзүүдө; жылдык бухг. отчётторду түзүүдө; материалдык жактан жоопкер адамдарды алмаштырууда; мүлктү уурдоо‚ кызмат абалынан кыянат пай­далануу же жараксыз абалга келүү фактыла­ры ашкереленгенде‚ табигый кырсык (өрт‚ кый­роо ж. б.) болгондо‚ ишкана же уюм кайра уюшулганда же жоюлган учурда сөзсүз И. жүр­гүзүлөт.