ИНВЕРСИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНВЕ́РСИЯ – 1) г е о м е т р и я д а – ОА′ ⋅ ОА= = k барабардыгы аткарылгандай, тегиздиктин ар бир А чекитин (ОА) шоо-

ласында жаткан А′ чекитине ко­торгон өзгөртүү.
Мында k – ту­руктуу чыныгы сан. О чекити – И-нын борбору же уюлу, k – да­ражасы же коэфф. деп аталат. Эгер k = a2 бол­со, анда O борборлуу ж-а а радиустуу айлана­нын s чекиттери И. учурунда өзүнө өзү өтөт. Кээде оң даражалуу И. гиперболалык И., ал эми терс даражалуусу эллипстик И. же анти­инверсия деп аталат. Декарт тик бурчтуу коор-


динатасында И. x′ = kx , x2 + y2 y′ = ky x2 + y2

формуласы м-н же комплекстик өзгөртмөлүү тегиздикте z = k/z формуласы м-н берилет. И. комплекстик өзгөрмөлүү функциялар теория­сында, геометрияда ж. б. колдонулат. 2) К о м­б и н а т о р и к а И-сы – эки элементтин жанаша турарына же алар башка элементтер м-н бири биринен ажырашына карабастан, орун алмаштырууда алардын кадыресе тартибинин бузулушу. Мис., элементтердин нормалдуу жай­гашышы abc болсо, анда аны bca деп өзгөртүүдө b ж-а а, с ж-a a элементтери И-ны түзөт.