ИНВЕРСИЯ 1
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИНВЕ́РСИЯ (лат. inversio – орун алмаштыруу) а д а б и я т т а а н у у д а – көркөм чыгармада сүйлөмдөгү сөздөрдүн грамматика эрежелерине баш ийдирилбей орун алмашуусу. Ал көбүнчө ыр түрүндөгү чыгармаларга мүнөздүү болуп, чыгарманын көркөмдүк касиетин жогорулатат, анткени автор сөздөрдүн ордун алмаштыруу аркылуу аларга айрыкча маани берет, ыр мыйзамына баш ийдирет. Азыркы учурда сөздөрдүн орун алмашуусу кыргыз прозасында, айрыкча жаштардын прозалык чыгармаларында да кездешет.