ИНВЕРТОР
ИНВЕ́РТОР (лат. inverto – аңтарам, өзгөртөм) – 1) э л е к т р т е х н и к а с ы н д а – туруктуу токту же чыңалууну бир же көп фазалуу өзгөрмө токко айландыруучу түзүлүш. И. көз каранды ж-а автономдуу болот. Көз каранды И-до туруктуу ж-а өзгөрмө ток булактарынын ортосуна башкаруучу вентиль, каршылык ж-а индукциялуу түрмөк туташтырылат. Автономдуу И-до конденсатор ток булагынан дроссель аркылуу заряддалып, вентиль ж-а трансформатордун биринчи орому аркылуу разряддалат, ал эми экинчи оромунда өзгөрмө ток пайда болот; 2) э с е п т ө ө т е х н и к а с ы н д а – кириши сигналсыз, ал эми чыгышы сигналдуу, кириши м-н чыгышы бирдей электрондук түзүлүш. Мында И. потенциалдуу ж-а импульстуу болуп бөлүнөт. Потенциалдуу И-до киришине чоң деңгээлдеги чыңалуу берилгенде, чыгышында кичине деңгээлдеги чыңалуу алынат ж-а буга тескери процесс жүрөт. Импульстуу И. импульс сигналдарын өзгөртүп турат; 3) р а д и о т е хн и к а д а – чыгышы м-н киришинде амплитуданын, уюлдуулуктун же электр сигналдарынын фазаларынын өзгөрүшү карама-каршы болгон электрондук түзүлүш.