ИНВЕСТИЦИЯЛАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНВЕСТИЦИЯЛАР (англ. inuestments) – мамл. же жеке менчик капиталды өлкөнүн ичиндеги ж-а тышкаркы эл чарбасынын ар түрдүү тар­мактарына пайда табуу максатында узак мөө­нөткө салуу. И. финансылык‚ реалдуу‚ интел­лектуалдуу болуп бөлүнөт. Финансылык И. – корпорациялар же мамлекет чыгарган акция­ларга‚ облигацияларга ж. б. баалуу кагаздарга‚ о. эле тезаврация объекттерине‚ банк депозит­терине капитал салуу. Реалдуу И. – жеке мен­чик фирма же мамлекет тарабынан тигил же бул продукция өндүрүшүнө капитал салуу; реал­дуу капиталдын (имарат‚ курулма‚ жабдуу‚ то­вар-материалдык запастар ж. б.) түзүлүшүн бол­жолдойт. Интеллектуалдуу И. – биргелешкен ил. иштеп чыгуулар, тажрыйба алмашуу, лицен­зия‚ ноу-хау берүү‚ адистерди курстарда даяр­доо‚ кадрларды кайра даярдоо ж. б. Менчик ж-а мамл. И. өз ара каржылоо багыттары‚ мак­саттары‚ булактары б-ча айырмаланат. Менчик И. экономиканын пайда табуу үчүн жакшы шарттары бар тармактарына багытталат. Мамл. И. негизинен аскердик максаттарга‚ о. эле эко­номиканы өнүктүрүүнү жөнгө салууга жумша­лат. Рынок экономикасынын шарттарында мен­чигинин ж-а чарба жүргүзүүсүнүн түрүнө кара­бастан‚ бардык инвесторлордун укуктары бир­дей ж-а капитал салуунун‚ анын көлөмүнүн‚ тү-


зүлүшүнүн‚ натыйжалуулугунун багыттарын аныктоодо толук өз алдынчалыкка ээ. И-ды мамл. жөнгө салуу, салык салуу‚ амортизация­лык саясат ж. б. экон. ыкмалар м-н ишке ашы­рылат.