ИНВЕСТИЦИЯЛЫК БАНКТАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНВЕСТИЦИЯЛЫК БАНКТАР – акча каражат­тарын тартуу‚ узак мөөнөткө насыя берүү ж-а экономиканын ар түрдүү тармактарын финан­сылоо максатында баалуу кагаздар м-н иш жүр­гүзүүгө адистешкен атайын насыя-финансы ин­ту. Банктардын тарыхый депозиттик-ссудалык­эсеп ж-а эмиссиялык-уюштуруу иштери‚ б. а. коммерциялык ж-а инвестициялык банктардын


иштеринин айкалышы алардын универсалда­шуусунун маанилүү түрү болгон. Айрым өлкө­лөрдө (АКШ‚ Италия‚ Франция) кризистен ки­йин 1929–33-ж. инвестициялык банктардан ком­мерциялык банктардын бөлүнүшү мыйзамдаш­тырылган. Коммерциялык банктардын өз ак­цияларын ж-а кредиттерин сатышы И. б. ре­сурстарынын булактары болуп саналат. И. б. коммерциялык банктардан айырмаланып‚ де­позиттерди кабыл албайт, эмиссиялык-уюшту­руу ишмердигин жүргүзөт‚ б. а. баалуу кагаз­дарды чыгарат ж-а жайгаштырат. И. б. карыз­кор м-н инвесторлордун ортосунда төмөнкү не­гизги милдеттерди аткарат: 1) баалуу кагаздар­дын эмиссиясын уюштуруу‚ карыздын шартта­рын карыз милдеттенмелери (акциялар‚ обли­гациялар ж. б.) түрүндө макулдашуу; 2) баалуу кагаздарды чыгаруу ж-а жайгаштыруу‚ а. и. өз эсебинен; 3) эмиссия гаранты (И. б. чыгарыл­ган баалуу кагаздардын сатылбаган бөлүгүн са­тып алууга милдеттенет); 4) инвесторлорго орто ж-а узак мөөнөттүү насыя – баалуу кагаздарды сатып алуучуларга берүү; 5) консультациялык кызмат көрсөтүү ж. б. Чет мамлекеттерде И. б-дын милдетин борб. ж-а адистештирилген банк­тар аткарат. Эл аралык И. б. өзгөчө орунду ээлейт‚ а. и. Эл аралык реконструкция ж-а өнүктүрүү банкы‚ Америка аралык өнүгүү бан­кы‚ Азия өнүктүрүү банкы‚ Африка өнүгүү бан­кы бар. ЕЭС алкагында 1959-жылдан Европа ин­вестициялык банкы иштейт.