ИНВЕСТИЦИЯ ИШИН МАМЛЕКЕТТИК КОЛДОО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
. Өлкөдөгү инвестициялардын жалпы кө­лөмүн көбөйтүү максатында мамл. жөнгө салуу аларда борборлоштурулган сар птоолордун

үлүшүн бир азыраак көбөйтүү шартын коёт.
Өндүрүш инфраструктурасынын кыйла бөлү­гүн өнүктүрүүнү финансылоону мамлекет өзүнө алат.
Рынок экономикасына өткөөл мезгилде мам­лекет инвестициялык ресурстардын кыйла бө­лүгүн турак-жай чарбасына, саламаттык сактоо­го, мад-тка, илимге, социалдык чөйрөнүн мүм­күн болуучу керектөөлөрүн канааттандырууга жумшайт. Борборлоштурулган инвестициялык ресурстардын калган бөлүгү өндүрүш чөйрөсүндө жеке, ата мекендик, чет өлкөлүк инвестиция­ларга өбөлгө түзүүгө пайдаланылат.
Соңку убакта инвестициялык саясат тармак­тар м-н региондордун ортосунда бюджеттик акча каражаттарын капиталдык курулушка бөлүш­түрүүдө объектилерди тандоо аркылуу жарым­жартылай финансылоого ж-а ушундай объек­тилердин курамын конкурстук негизде түзүүгө өтүү мүнөздүү.
Долбоорлорду мамлекеттик-коммерциялык финансылоону өнүктүрүү үчүн эки жаңы меха­низмди – долбоорлорду сертификациялоону ж-а инвесторлорго мамл. кепилдиктерди ишке aшы­руу белгиленүүдө.
Долбоорду сертификациялоо инвесторлорду тартуу б-ча аукциондорду өткөрүүгө мүмкүн­дүк берет. Чет өлкөлүк инвесторлор м-н кон­тракттарды сертификациялоо алардын долбоор­лорго ишенимин алда канча жогорулатат. Бул инвестиция рыногунда капиталдардын конку­ренциясын (атаандаштыгын) түзүүгө мүмкүндүк берет.
Экинчи механизм – жогору натыйжалуу ин­вестициялык долбоорду жүзөгө ашыруу инвес­торго байланышсыз себептер м-н үзгүлтүккө учу­раган кезде жумшалып жаткан ресурстардын бир бөлүгүнүн курамы б-ча мамлекеттин мил­деттенмелерин камтыган мамл. кепилдиктерди ата мекендик жеке инвесторлорго берүү. Мында күрөө милдеттенмелери м-н кошо инвесторлор­го кошумча кепилдик милдеттенмелерин берүү зарыл.
Дүйнөлүк деңгээлдин талаптаpынa жооп бе­рүүчү күрөө системасын уюштуруунун негизин­де жогору натыйжалуу инвестициялык долбоор­лордун мамл. гарантиялардын шартын түзүү ка­ралууда.