ИНВЕСТОР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИНВЕСТОР (англ. inuestor – салымчы) – пайда табуу максатында активдерди‚ баалуу кагаздарды же кыймылсыз мүлктү‚ жер участкаларын ж. б. сатып алуу аркылуу капиталды инвестициялоону ишке ашыруучу жеке адам же юрид. жак. Инвестициялык долбоорду ишке ашырууну бюджеттен финансылоочу мамлекет‚ мамл. субъект‚ финансы-кредит мекемелери да И. болушу мүмкүн. И. – өз өлкөсүнүн экономикасына же чет өлкөгө өзүнүн‚ карыз алынган же тартылган каражаттарын инвестициялоочу инвестициялык ишмердиктин субъектиси.