ИНГАЛЯЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНГАЛЯ́ЦИЯ (лат. inhalāre – дем алам) – дары заттарын организмге дем алуу аркылуу жиберүү. Абдан майдаланган дары заттар буунун же кы­сылган абанын агымы м-н ингалятордон оору­луунун дем алуу жолдоруна кирет. Инголятор­дун туруктуу (стационардык) ж-а көчмө түрү болот. И. врачтын көрсөтмөсү м-н гана мурун­колко, кекиртек, бронх, өпкө ж. б. дем алуу органдарынын ооруларын дарылоо ж-а алдын алуу үчүн колдонулат. Жекече пайдалануу үчүн ар кандай түзүлүштөгү портативдүү чөнтөк ин­галяторлору бар, алардын айрымдары даяр дары аралашмасы м-н толтурулат. Жогорку дем алуу жолдорунун тамакты кургаткан айрым оору­сунда буулоочу И-ны үйдөн (врачтын көрсөтмөсү м-н) жасоого болот.