ИНГИБИТОРЛОР
ИНГИБИТОРЛОР (лат. inhibere – токтотуу, кармоо, басаңдатуу) б и о л о г и я д а – ферменттердин ж-а ферменттик системалардын активдүүлүгүн басаңдатуучу ар түрдүү табигый ж-а синтезделген заттар. Организмде ферменттердин табигый И-унун ролун зат алмашуу продуктулары аткарат. И. ферменттердин катализдик аракетин изилдөөдө, белоктогу функциялык топтун табиятын тактоодо, зат алмашууда түрдүү ферменттик процесстердин ролун байкоодо кеңири колдонулат. Түрдүү уу заттарды зыяндуу курт-кумурска, отоо чөпкө каршы колдонуу, алардын организмдеги жашоо шартын тейлөөчү процесстерди басаңдатууга негизделет. Кээ бир дарыга пайдаланылган заттардын таасири да ферменттик реакцияларды басаңдатууга байланыштуу. Айрым И. өсүмдүктүн өсүүсүн басаңдатат. Табигый И. көп өлчөмдө бүчүр ткандарында, аз санда өркүндө топтолот. Алардын эң көп жыйналуусу күзгү орг. тыным мезгилине туура келет. Табигый И-го фенол кошулмалары (кумарин, салицил к-тасы) ж-а терпеноиддер кирет. Кеңири мааниде биол. татаал про-
цесстерди токтотуучу заттар И. деп аталат. Х им и я д а – түрдүү хим. процесстерди токтотуучу заттар. И-дун зыяндуу процесстерди токтотуучу таасири алардын катализатордун ж-а ферменттердин активдүү борборлорун тосуп алып, активдүү бөлүкчөлөр м-н реакцияга кирип, начар активдүү радикалдарга айландыргандыгында. Хим. процесстерди токтотуучу же алардын ылдамдыгын төмөндөтүүчү заттар эң көп ж-а алардын колдонуу тармактары кеңири. Мис., металлдардын коррозиясын (дат басуусунун), мономерлердин полимерленишин, тамак-аштардын окистенишин ж. б. азайтат. Металл буюмдарын сактоо үчүн дициклогексиламмоний нитрити ж-а карбонаты, уротропин м-н натрий нитритинин аралашмасы пайдаланылат. Окистенүү реакциясынын И-у катары фенолдор, ароматтык аминдер, күкүрттүү бирикмелер; мономерлердин полимерленүү ж-а окистенүүсүндө күкүрт, фенолдор, таннин, канифоль, жез туздары ж. б. колдонулат.
Ад.: Диксон М., Уэбб Э. Ферменты. М., 1982.
К. Т. Шалпыков.