ИНГУШСТАН
ИНГУШСТАН , И н г у ш е т и я Р е с п у б л ик а с ы Россиянын европ. бөлүгүнүн түштүгүндө, Чоң Кавказдын түн. капталында жайгашкан. Грузия м-н чектешет. Түш. федерация округуна кирет. Аянты 3,6 миң км2. Калкы 492,7 миң (2007); негизинен ингуштар басымдуу (77,3%; 2002), о. эле чечендер (20%), орустар (1,2), бир аз санда түрктөр, грузиндер жашайт. И-да жашаган калктын көпчүлүгү ислам (мусулмандар) динин тутат. Калкынын орт. жыштыгы 1 км2 жерге 131,3 киши. Борбору – Магас (2000-жылдан); Адм.-айм. жактан 4 районго ж-а 4 шаарга бөлүнөт. Шаар калкы 42,9%. Шаарлары: Назрань (1999-ж. чейин убактылуу адм. борбор), Малгобек, Кара-Булак. Түш. Федерация округуна кирет. Мамл. бийлигинин органдар системасы Ингуш Респ-нын 1994-ж. кабыл алынган конституциясы тарабынан аныкталат. Мамлекет башчысы – президент (4 жылга шайланат). Табияты калктын жашоо тиричилигинде ыңгайлуу; топурак эрозиясынан ж-а булгануусунан экол. проблема пайда болууда. Январдын орт. темп-расы –3...–10°С, июлдуку 21–23°С. Жылдык жаан-чачыны 1200 мм. Башкы дарыясы – Сунжа. Түздүктөрүнө кара, тоолоруна тоотокой ж-а тоо шалба топурактары мүнөздүү. Жазы жалбырактуу (бук, эмен, чынар) токой басымдуу; андан жогору субальп ж-а альп өсүмдүктөрү өсөт. Нефть, газ, курулуш материалдары ж-а өндүрүш үчүн сырьё (мраморлуу акиташ, кыш даярдалчу чопо, доломит, үлүл ташы), минералдуу суулар бар.

Ингуштар ж-дө 7-к-дан эскерилет. 9-к-дын аягы 13-к-дын башында И-дын аймагы аландар мамлекетине кирген. 1810-ж. өз ыктыярлары м-н Россия империясынын, 1921-жылдан Гори АССРинин курамында болгон. 1924-ж. Ингуш АО (РСФСРдин курамында) уюшулган. 1934-ж. Чечен АО м-н кошулуп, Чечен-Ингуш АО түзүлгөн (1936-жылдан АССР). 1944-ж. Чечен-Ингуш АССРи жоюлуп, чечендер күч м-н чыгарылган. 1958-ж. автономия респ. статусу калыбына келтирилген. 1991-ж. И. Чечен-Ингуш Респ-нын курамында болуп, 1992-ж. Ингуш Респ. түзүлгөн. Региондук дүң продукциясынын көлөмү 4967,4 млн рублди түзөт; андагы ө. ж-дын үлүшү 16,1% (2001), а. ч-ныкы 4,3%. Ө. ж-дын негизги тармактары: отун (ири өндүрүшү «Ингушнефтгазпром»), электр-энергетика, тамак-аш (алкоголдуу ичимдиктер, суу май, кондитер азыктары, ун), машина куруу ж-а металл иштетүү (аспаптар, жол курулуш техникалары ж. б.).
А. ч-га жарактуу жери 168,0 миң га (жер фондусунун 46,7%), а. и. айдоо аянты 70,5 миң га (57,1%), анын 73,1%ин дан эгиндери, 13,7%ин тоют өсүмдүктөрү ээлейт. О. эле жүгөрү, буудай, арпа, сулу, кант кызылчасы, күн карама, картөшкө айдалат. Жүзүмчүлүк, бакчылык өнүккөн. Бодо мал, кой (уяң жүндүү), чочко асыралат. Т. ж-нун уз. 39 км, автомобилдики 955,2 км (а. и. асфальтталганы 418,5 км). Респнын аймагы аркылуу Түн.-Кавказ т. ж-нун бир тармагы ж-а Ростов – Баку автомобиль жолу
өтөт. Магас ж-а Ингушетия аэропорттору бар.
Респ-да 109 жалпы билим берүүчү (а. и. 7 башталгыч) ж-а атайын орто окуу жайлары, 3 ЖОЖ (а. и. 2 мамл. ун-т филиалдары м-н), 4 театр, филармония, 5 музей (а. и. Мамл. көркөм сүрөт Кара-Булакта; край таануу Назранда), китепканалар бар.
Ад.: Ингушетия // Большая Российская Энциклопедия. Т. 11. М., 2004.
К. Аттокурова.