ИНГУШТАР
ИНГУШТАР (өздөрүн галгай деп аташат) – РФдин курамындагы Ингушстандын калкы.
Чеченстан, Түн. Осетия, Казакстан, О. Азия ж-а Ж. Чыгышта да жашашат. Жалпы саны 472,5 миң киши (2003). Ингуш тилинде, о. эле орус тилинде сүйлөшөт. Негизинен мусулман-сунниттер. И. ж-дө алгачкы эскерүүлөр 7-к-га таан-

дык. Тили ж-а мад-ты б-ча чечендерге жакын. Байыркы убакта И. уруу жамааттарына (Галгай, Цорин, Жей рах, Мецхаль) бөлүнүп, тоолуу аймактарда жашап, 16–17- к-да өрөөндөргө (Түн. Осетия) отурукташышкан. 19-к-да алгачкы Ангуш же Ингуш (азыркы Тар өрөөнүндөгү Тар кыштагы) кыш. пайда болуп, эл кыштактын атынан аталган. 19-к-дын башталышында Россиянын, 20-к-да РСФСРдин курамына кирип, Ингуш АО, 1934-ж. Чечен АО м-н биригип, Чечен-Ингуш АО, 1936-ж. Чечен-Ингуш АССРи түзүлгөн. 1944-ж. И. күч м-н О. Азияга ж-а Казакстанга көчүрүлгөн. 1957-ж. Чечен-Ингуш АССРи калыбына келтирилип, И. кайрадан мекенине кайтып келишкен. И. мал чарбачылык ж-а дыйканчылык м-н кесиптенишип, хата-мазанкада (дубалы топурактан согулган же жыгачтан жасалып, сырты ылай м-н шыбалган үй) жашашкан. Салттуу кийимдери жалпы кавказ тибинде. Эркектер көйнөк, бешмант, черкеска, башына папах кийип, белине кур байланып, канжар тагынышат. Аялдар узун көйнөк, кенен ыштан кийип, оромол жамынышат. Тамак-ашы негизинен дан, эт, сүт азыктары ж-а жер-жемиштер.
Ад.: Ингушетия и ингуши. Назрань; М., 1999.