ИНД
ИНД – Кытай, Индия, Пакистандын аймактары аркылуу аккан дарыя. Уз. 3180 км, алабынын аянты 980 миң км2. Тибет тайпак тоосунан (Кайлас кырка тоосунан, 5300 м бийиктиктен) башталат; Гималай м-н Гиндукуш тоо тармактары, ортоңку ж-а төмөнкү бөлүктөрү Инд- Ганг түздүгүнүн батыш бөлүгү аркылуу агып, көп салаага бөлүнөт. Араб деңизине куярда аянты 8 миң км2 болгон дельтаны пайда кылат. Негизги куймалары: Гилгит, Кабул, Сатлеж (Панжнад). Суусунун орт. чыгымы Хайдарабад ш. тушта 3850 м3/сек (эң чоң чыгымы 30 миң м3/секдан ашык), буулануудан ж-а сугатка кеңири пайдалануудан төмөн жагында чыгымы азаят. Төмөнкү агымы жылдын кургакчыл мезгилинде соолуп калат. Режими муссондук, жазжай мезгилинде суусу кирип, түздүктөрдө деңгээли 5–7 мге чейин көтөрүлөт; суу ташкынынан коргонуу үчүн жээктери дамбалар м-н тосулган. И-де плотиналар ж. б. сугат курулмалары бар; алабында 12 млн гадан ашык жер сугарылат. Кабул д-нын чатына чейин мезгилмезгили м-н кеме жүрөт. Боюнда Хайдарабад, Суккур ш.; дельтасына жакын Карачи деңиз порту (Пакистан) жайгашкан.