ИНДЕВРОПА ТИЛДЕРИ
ИНДЕВРО́ПА ТИЛДЕРИ – Евразиянын ири лингв. уяларынын бири. Буга инди, иран, славян, балтика, герман, армян, албан, грек, келт, байыркы ж-а жаңы тилдердин кээ бири, латын тили, кийинчерээк андан өнүгүп чыккан роман, тозар, итальян ж-а Кичи Азиядагы байыркы тилдер (шынаа жазмасы бар хетт, иероглифтүү хетт, лувий) кирет. Кичи Азиядагы тилдердин ичинен шынаа жазмасы болгон хетт же несит тили толук изилденип, жазма эстеликтери (б. з. ч. 2- миң жылдык) толук аныкталган. Айрым изилдөөчүлөр индевроп. топко ликий ж-а лидий тилдерин да кошуп жүрөт, бирок алар ж-дө маалымат аз. И. т-нин көбү (мис., фракий, фригей тилдери) жоюлуп кеткен, жазма эстеликтер да калган эмес; иран тобуна кирген скиф тили, Байыркы Европада кеңири таралган иллирий тилдери ж-дө да маалымат аз. Кеңири тараган И. т.: славян, инди, иран, герман, роман тилдери. Келт тили сыяктуу айрым тилдер тарыхый шарттан улам анча тарай алган эмес. И. т-нин тектештиги уңгу сөздөрдүн жалпылыгынан, граммат. түзүлүшүнөн байкалат. Байыркы И. т-не мүнөздүү граммат. белгилердин бири – флексия, ал тилдерде уланды мүчөлөрдүн бай системасы болгон. Айрымдарында (мис., славян, балтика тилдери) байыртан калыптанган морфол.
система толук сакталган, айрымдары (мис., жаңы инди, жаңы иран ж-а герман тилдери) сөз
өзгөртмө эски флексиялык формаларынан ажырап, өзгөрүп кеткен. И. т-нде олуттуу өзгөрүүлөр болсо да, алардын теги бир экенин айгинелеген жалпылыктар бар. И. т-н ил. изилдөө 19-к-дын башында башталган. Бул тилдердин тыбыштык, лексикалык ж-а граммат. түзүлүшүн салыштырып изилдөөнүн негизинде жалпы тил илиминде салыштырма-тарыхый метод иштелип чыккан.