ИНДЕЙЛЕР
ИНДЕЙЛЕР – этностук топ, Американын (эскимостор м-н алеуттардан башка) жерг. калкы. И. деген аталыш 15-к-дын аягында Американы ачуучулардын (Х. Колумб ж. б.) жаңы табылган материкти Индия, анын элин И. деген туура эмес түшүнгөндөрүнө байланыштуу келип чыккан. И-дин жалпы саны болжол м-н 32–45 млн киши, а. и. АКШда 2 млн, Канадада 385 миң, Мексикада 8–15 млн, Гватемалада 5 млн, Парагвайда 4,5 млн, Эквадордо 3,7 млн, Перуда 7 млн, Боливияда 3,6 млн, Чилиде 0,8 млн ж-а Бразилияда 230 миң (2005). И. АКШ ж-а Канадада англис ж-а француз, Түш. Америкада испан ж-а португал тилинде сүйлөшөт. И. европалыктар келгенге чейин шаманизм, тотемизм динин тутушса, кийин көпчүлүгү христиан (католик, протестант) динин кабыл алышкан. И. соңку палеолит доорунда (болжол м-н мындан 15– 10 миң жыл мурда) Беринг кысыгы аркылуу Америкага келишкен түн.-чыгыш азиялыктардын тукумдары. И. аңчылык, жыйноочулук, балыкчылык, айрым аймактарда дыйканчылык ж-а мал чарбачылык м-н кесиптенишип, жер төлөдө, үстү тери м-н жабылган конус сымал алачыкта ж-а үйлөрдө жашашкан. Алар бугу, багыш, бизон терисинен жасалган кийим кийишип, кооздуктарды тагынышкан. Айрымдары белинен ылдый жамынгычтарды колдонушкан. Уруу башчысы башына бүркүт канатынан жасалган баш кийим кийип, айбан сөөгү, тиши

ж. б-дан жасалган кооздуктарды пайдаланып, денесине ж-а бетине сүрөт тарттырган. Тамакашы негизинен эт (этти кургатып майдалап, май м-н аралаштырат), балык, жёлудь уну ж-а жержемиштер. И-дин дүйнөлүк мад-тка кошкон салымдары чоң. Алар эң жакшы арх-ралык эстеликтерди (мис., майялардын Тикаль, Копан, Чичен-Ице, Ушмал сыяктуу жүздөгөн шаар-мамлекеттери, храмдар ж. б.), көркөм иск-во ж-а элдик чыгармаларды жараткан. Дүйнө элдери И-ден картөшкө, күн карама, какао, пахта, тамеки өстүрүүнү үйрөнүшкөн. Европ. колониялаштыруу И-дин табигый өнүгүү жолдорун үзгүлтүккө учураткан. Түн. Америкада И-дин көбү колонизаторлор тарабынан атылып, калгандары АКШ ж-а Канадага резервацияларга айдалган. АКШда И-дин көпчүлүгү амер-тар м-н ассимиляцияланып, шаарларда ж-а айылдарда жумушчу ж-а дыйкандардын катарын толуктаган. Түш. Америкада И-дин көпчүлүгү кырылган, калгандары өздөрүнүн маданий-салттык үрпадатын сактап калган ж-а өз укуктары үчүн талбай күрөшүп келген. 20-к-дын ортосунан И. этностук ж-а саясий өз алдынчалыкка ээ болуп, эне тили ж-а мад-ты өнүгө баштаган. Учурда Латын Америкасында кечуя, аймара, ацтек, киче, какчикели, Юкатан майялары, маме, араукан, гуахиро, Түн. Америкада түн. атапаскалар, навахо, ирокез, чирок, оджибве ж. б. индей элдери жашашат. Резервация аймактарында шаар-

лар пайда болуп, АКШ ж-а Канадада билим борборлору, коллеждер, Улуттук конгресс, Улуттук совет, Улуттук бир туугандык ж. б; ал эми Түш. Америкада Индей элдеринин бүткүл дүйнөлүк совети ж. б. көптөгөн эл аралык уюмдары түзүлгөн.
Ш. Керимова.